Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Милиция Арстан Алайга карата териштирүүсүн токтотту


Арстанбек Абдылдаев.
Арстанбек Абдылдаев.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевге карата жазык териштирүүcү токтотулду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында каралган иш сотко өткөн жок, себеби кылмыштын белгилери жок экени аныкталды.

«Тергөө учурунда эле мында кылмыштын эч кандай белгилери жок экени көрүндү. Эң негизги белги - агрессия. Ал эми анын сөздөрүндө агрессия жок», - деди ал.

Арстанбек Абдылдаев 2011-2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган.

Буга чейинки маалыматтарда анын «мен Кудаймын» деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Анын билдирүүлөрү боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG