Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 01:56

Азия чемпионаты: Айсулуу алгачкы беттешинде жеңилди


Айсулуу Тыныбекова.

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттешинде эле жеңилди.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгачкы кармашында эле жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Беттешиндин жүрүшүндө 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада жапон балбаны көтөрүп чаап, ыкмасына таянып жеңишти илип кетти.

Айсулуу Тыныбекова менен жапон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен болчу.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет Азия чемпиону атыккан.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG