Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:50

Абдулла шайлоонун жыйынтыгы боюнча Евробиримдикке нааразы болду


Абдулла Абдулланы колдогон демонстрация. Фарияб, 20-февраль, 2020-жыл.
Абдулла Абдулланы колдогон демонстрация. Фарияб, 20-февраль, 2020-жыл.

Ооганстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп Ашраф Ганинин таанылышына нааразы болуп, Европа Биримдигине арызданды.

«Твиттердеги» бейшемби күнү чыккан постуна саясатчы каттын көчүрмөсүн жайгаштырды. Абдулла 18-февралда жарыяланган жыйынтык «мыйзамсыз жана көпчүлүк оогандар үчүн алгылыксыз», «шайлоодо мыйзам бузууларга, бурмалоолорго жол берилген» деп жазды.

«Өнөктүктүн мыйзамдуу жеңүүчүсү катары бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт түзүүнү чечтик», деп кошумчалады Абдулла. Чет жактагы өнөктөштөргө кайрылып, ал мекендештерин «калыс болууга, принципиалдуу позицияда кала берүүгө, Ооганстандагы адилет жана мыйзам чегиндеги процесстерди урматтоого» чакырды.

Буга чейин Абдулла Кабулдагы чет өлкөлүк элчилерден да шайлоонун «мыйзамсыз» деп сүрөттөгөн жыйынтыгын тааныбоого чакырган.

18-февралда Ооганстандын Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы сентябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, азыркы мамлекет башчы Ашраф Гани 50,6% менен утту, Абдуллага добуштардын 39,5% тийген.

Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррелл 19-февралда Ганиге телефон чалып жеңиши менен куттуктаган.

XS
SM
MD
LG