Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кылмышка шектүү адам бекиди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы айылдык кеңештин чечиминин негизинде кабыл алды.
«Талант Эркиновдун айыл өкмөт болуп шайланышы мыйзамдуу. Эгерде сот анын күнөөлүү деп тапса, жумуштан алынат», – деди БШКнын аймактагы өкүлү Казыбек Шадыбеков. Өкүлдүн айтымында чечимди чыгарууда сот жаңы өкмөт башчынын күнөөсүн далилдеген чечим чыгара элек экендиги эске алынды.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Талант Эркиновдун иши Таш-Көмүр шаардык сотунда каралууда. Ага карата Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү», «Бийликтен аша чабуу», «Кызматтык жасалмалоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Талант Эркинов Таш-Көмүр шаардык мэриясынын курулуш жана коммуналдык чарба боюнча башкы адиси болуп турганда жерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп шек саналууда. Буга байланыштуу сот экспертиза дайындап, ал аягына чыкканга чейин жазык иши боюнча сот өндүрүшү убактылуу токтотулган.
Талант Эркинов 54 жашта. Аны айыл өкмөт башчысы кылып Үч-Коргон айылдык кеңеши 2019-жылдын 31-декабрында шайлаган. Шайлоого эки талапкер катышып, анда Талант Эркинов 23 добуш алган. Үч-Коргон айылдык кеңешинде 31 депутат бар. (RsK)