Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

ЕККУ Немцовдун өлүмү боюнча доклад сунуш кылды


Борис Немцовду эскерүү акциясы. Санкт-Петербург, 9-октябрь 2019-жыл
Борис Немцовду эскерүү акциясы. Санкт-Петербург, 9-октябрь 2019-жыл

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясында 20-февралда орусиялык оппозиционер Борис Немцовдун киши колдуу болушун иликтөө тууралуу доклад сунуш кылынды.

Документти ассамблеянын вице-төрагасы Маргарета Седерфелд даярдаган. Венада сунуш кылынган докладда расмий тергөөнүн жүрүшү анализденген. Көптөгөн кемчиликтер, алешемдиктер, ал иш боюнча чектөөлөр чагылдырган.

Немцов атындагы фонддун жетекчиси Владимир Кара-Мурза "Азаттык" радиосунун орус кызматына билдиргендей, Москва докладдын авторлору менен кызматташуудан баш тарткан.

Документте Евробиримдик өлкөлөрүнө саясатчыны өлтүрүүгө тиешеси бар адамдарга санкция салуу кеңеши берилет. Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой докладды «өтө саясатташкан» деп билдирди.

Немцовду беш жыл мурда Москванын борборунда, Кремлге жакын жерде атып кетишкен. Сот кылмышты аткарган деп Заур Дадаев, Анзор жана Шадид Губашевдерди, Темирлан Эскерхановду, Хамзат Бахаевди 11 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. Бирок ким буйрук бергени азыркыга чейин аныктала элек.

XS
SM
MD
LG