Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Помпео: "Талибан" менен тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн


Майк Помпео. Кабул, 25-июнь 2019-жыл
Майк Помпео. Кабул, 25-июнь 2019-жыл

“Зомбулукту азайтуу” макулдашуусу ийгиликтүү болсо, Кошмо Штаттар менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимине 29-февралда кол коюлушу ыктымал. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео жума күнү билдирди.

Вашингтон менен "Талибан" Ооганстандагы жаңжалды саясий жолдор менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп келгенин белгилеген. Помпео кол коюлгандан кийин оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү башталарын кошумчалады.

"Талибан" келишимге 29-февралда кол коюу пландалып жатканын бышыктады. Бирок ооган бийлиги менен диалог качан башталарын тактаган жок.

Буга чейин талибдер Кабул өкмөтүн "Вашингтондун кол баласы" деп, түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген.

21-февралда Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавед Файсал АКШ, Ооганстан жана "Талибан" кыймылынын "бир жумага зомбулукту азайтууну" көздөгөн макулдашуусу ишембиге караган түнү күчүнө киргенин билдирген.

XS
SM
MD
LG