Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Казакстанда саясий активист Жанболат Мамай кармалды


Жанболат Мамай, Демократиялык партия түзүү тобунун жетекчиси
Жанболат Мамай, Демократиялык партия түзүү тобунун жетекчиси

21-февралда кечинде Казакстанда Демократиялык партия түзүү демилгелүү тобунун жетекчиси, 31 жаштагы Жанболат Мамай кармалганы кабарланды. Бул саясий топ ишембиде Алматыда бийликтегилердин саясатына нааразылык билдирип митинг өткөрүүнү пландап жаткан. Активисттин жубайы Инга Аманбай жолдошун кармап кетүү жараянын Фейсбуктагы барагында түз тартып көргөздү: бир нече полициячы Жанболат Мамайды күчкө салып кармап, автозакка түртүп салып кетти.

Инги Иманбайдын айтымында, полиция активистти Алматы облусундагы Каскелен шаарында кармап кетип, Карасай районундагы бөлүмгө алып барды.

"Үйдө отургула". Ишембиге белгиленген митингдин алдында активисттер катуу көзөмөлгө алынганын билдиришти (21-февраль, 2020-ж.):

«Сидите дома». Накануне митингов активисты заявляют об усиленном наблюдении
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Карасай райондук полициясы Жанболат Мамайдын кармалышына эмнелер негиз болгонун жана ага кандай айып тагылганын тактап айтуудан баш тартты.

Жабылып калган «Саяси қалам – Трибуна» гезитинин мурдагы башкы редактору Жанболат Мамай 2017-жылдын сентябрь айында үч жылга эркиндиги чектелип, журналисттик ишмердигине тыюу салынган. Анда ага бозгундагы банкир Мухтар Аблязов БТА банктан чыгарып кеткен акчаны мыйзамдаштырган деген айып тагылган, Мамай андай айыптоолор жасалма экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG