Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Министрлик: ооруканага түшкөн кытай жаранынан коронавирус аныкталган жок


Сыркоолоп, эти ысыган кытай жаранын "Тез жардам" 20-февралда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жеткирген.

Ал кытай Кыргызстанга январь айынын башында келген. Дарыгерлердин текшерүүсүндө анын дене табы 37.6 градустан жогору болуп, мурду бүтүп жатканы белгилүү болгон. Коронавирусту аныктоо үчүн анализ алынып, жыйынтыгында таза чыккан.

21-февраль күнү кытай жаранынын абалы турукташып, анализдин жыйынтыктары менен кошо Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 150дөй адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 25 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 76 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2239 адам каза болду, 18 миңден ашууну айыгып чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG