Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Баткенде кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү уланып жатат


21-февралда Баткенде башталган кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу бүгүн, 22-февралда да уланып жатат.

Учурда тараптар жабык жыйында талкуулап жатат. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим баштаган жумушчу топтор катышууда.

21-февралда жыйын алгач тар чөйрөдө өтүп, жумушчу топтун башчылары жолугуп, иш ыргагын аныктап, маселени тездетүү менен чечүү белгиленип, бул жолку жолугушууда кандайдыр бир натыйжаларга жетүү ниеттерин билдиришкен.

Мурдагы жолугушууларда кол коюлган протоколго ылайык, топографиялык топ иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктоо, чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу боюнча маселелер каралууда.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын буга чейинки жыйыны Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда өткөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG