Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Алматыда нааразылык акциясына чыккандар кармалды


22-февралда Алматынын полиция кызматкерлери Түлебаев жана Төлеби көчөлөрүнүн кесилишинде Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун 10 чакты мүчөсүн кармап кетти.

Полиция аларды саясий активист Жанболат Мамайды бошотууну талап кылууга бараткан учурда кармаганы кабарланды.

21-февралда кечинде Казакстанда Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун жетекчиси, 31 жаштагы Жанболат Мамай кармалган.

Бул саясий топ ишембиде Алматыда бийликтегилердин саясатына нааразылык билдирип, митинг өткөрүүнү пландап жаткан. Активисттин жубайы Инга Аманбай жолдошун кармап кетүү жараянын видеого тартып, "Фейсбуктагы" барагы аркылуу түз көрсөттү. Анда бир нече полициячы Жанболат Мамайды күчкө салып кармап, автозакка түртүп салып кеткенин көрүүгө болот.

22-февралда Мамай үч суткага камалганы белгилүү болду. Карасай райондук полициясы Жанболат Мамайдын кармалышына эмнелер негиз болгонун жана ага кандай айып тагылганын тактап айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG