Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Пентагон: Ирандын соккусунан жараат алган аскерлердин саны 110го жетти


Пентагон өткөн айдагы Ирандын ракета соккусунан Ирактагы авиабазада 110 америкалык аскер мээсинен жеңил жараат алганын кабарлады. Пентагондун 10-февралдагы билдирүүсүндө 109 аскер жараат алганын билдирген.

Жараат алган аскерлер боюнча алтынчы жолу билдирүү таратып, улам саны көбөйүп баратат. Базага 8-январь түнү ракета соккулары урулган.

Президент Дональд Трамп 8-январда Иран Ирактын «Айн аль-Асад» аба базасына сокку урганда америкалыктар жабыркабаганын айтып, армия ардагерлерин кыжалат кылган. Кийин Куралдуу күчтөр 11 америкалык жарадар болгонун маалымдап, андан кийин бул санды 34 кишиге көтөргөн. 28-январда болсо 50 жарадар тууралуу билдирген.

Трамп жарадар болгондордун «башы, дагы бир жерлери ооруганын укканын» айткан. Сөз болгон базада «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөшкөн АКШ баштаган коалициянын күчтөрү жайгашкан.

Тегеран базага коюлган чабуулду генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу акциясы деп атаган. «Кудс» тандалма бөлүгүнүн командачысы 3-январда Багдаддын четинде америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG