Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

2020-жылы кыргызстандыктар грин-карт лотереясына катыша алат


Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша алат.

Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Лотереяга катышуу үчүн коюлган талаптар так аткарылышы керек.

Бирок грин-карт утуп алгандар АКШга кандай жол-жобо менен кире турганы так жазылган эмес.

31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон. Мекеме заманбап паспорт 2021-жылдан тарта бериле баштарын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG