Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

Акыйкатчы кош бойлуу эненин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранды


Омбудсмен Токон Мамытов Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмышка шектүү катары №1 тергөө абагында жаткан төрт баласы бар эненин бөгөт чарасын өзгөртүүнү сунуштады.

Сунуштама катын Октябрь райондук сотунун төрагасына жөнөткөн. Омбудсмен соттон шектүүнү үй камагына чыгарууну сунуштайт.

Акыйкатчы катында шектүү анча оор эмес кылмышка шек саналып жатканын белгилеп, төрт баласы жана кош бойлуу экенин билдирген. Шектүүнүн улуу баласы жети жашта экени кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG