Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Чек арадагы үч өлкөнүн журналисттери үчүн жыйын өттү


Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстандын Баткен, Ош, Тажикстандын Согди жана Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустарынан журналисттер катышкан "Коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары" деп аталган конференция өттү. Жыйында медиа каражаттарынын кызматташтыгы, өз ара тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Иш-чараны Фергана облусунун жетекчилиги уюштурган.

Жүздөй журналист катышкан жыйынга Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринен мугалимдер да катышты. Конференцияда чектеш аймакта үч тилдеги маалыматтарды даярдоо, алмашуу маселелери талкууланды.

Өзбекстанда акыркы учурда сөз эркиндигинин жана көз карандысыз медиа каражаттарынын абалы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өзбекстандык журналисттер кошуна өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтышты. Мындай жыйындарга Казакстандын, Ооганстандын журналисттерин да чакыруу сунуш кылынды. (JsA)

XS
SM
MD
LG