Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Түлеген Жукеевге Алматынын административдик соту 53 миң теңге (140 доллар) айып салды. Ишемби күнү кечинде сот ага "Астана аянтындагы мыйзамсыз митингге катышкан" деген айып койгон. Ушундай эле суммадагы айып жергиликтүү турган Анар Ибраимовго салынды. Ага 11-февралда видео көзөмөл орнотууга каршы мыйзамсыз митингге катышкан деген айып коюлган.
Активисттер Курмангазы Касымбеков жана Шарбат Каржаубаев тогуз жана жети суткага кесилди. Журналисттер сот имаратына киргизилген жок.
Ишембиде Алматыда эки башка жерде нааразылык акциясы өткөн. Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун ондон ашык мүчөсү Алматынын Астана аянтында Жанболот Мамайды бошотуу талабы менен чыкканда кармалган. Ал эми Алматы шаарынын башка жеринде жана Нур-Султанда 10 жылдан бери бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн “Казакстандын демократиялык тандоосу” саясий кыймылынын митингинде жүздөн ашык киши кармалды.
Ички иштер министрлиги кармалгандардын так санын жана канчасына айып салынганын айта элек. "Amnesty International" уюму 22-февралда кайрылуу таратып, казак бийлигин кармалгандарды бошотууга чакырды.