Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:28

Иран менен чек арасын жапкан өлкөлөр көбөйүп баратат


Кум шаарындагы оорукана. Иран. Февраль, 2020-жыл.

Иран бийлиги коронавирустан дагы эки киши набыт болгонун маалымдаган соң коңшулаш Армения чек арасын катуу көзөмөлдөөгө өттү. Сауд Арабиясы өз жарандарына Иранга барууга тыюу салды. Ирак 20-февралдан тартып ирандык туристтерге убактылуу чектөө киргизип, алардын өз аймагына киришине тыюу салган. Ал эми Ирандан кайткан ирактыктар кылдат текшерүүдөн өткөрүлүп жатканы кабарланган. Кувейт да Иран менен аба жана деңиз каттамдарын токтоткон.

Ирандын саламаттык сактоо министри Киануш Жаханпур 23-февралда улуттук телеканал аркылуу жасаган билдирүүсүндө: «Жалпы өлкөдө коронавирус жугузган жаңы 15 киши катталды. Бардыгы болуп бүгүнкү күндө бул ооруга 43 адам чалдыкты», - деп айтты.

Иранда коркунучтуу илдеттен жалпысынан 8 киши көз жумду. Бул вирустан өлгөндөрдүн саны жагынан Кытайдан кийинки орун.

Бирок бийлик оорудан өлгөндөр кайсы аймактарда катталганын ачык айткан жок.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн түндүгүндөгү Мазандаран провинциясындагы Медициналык университеттин башчысына таянып, Тегерандан келген бир киши өлгөнүн жазып чыгышты.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, өлкөдө 785 адам вирус жугузган деп шек саналууда.

Ооруга чалдыккандар жана андан набыт болгондордун көпчүлүгү Тегерандан 120 чакырым аралыктагы Кум аймагында катталган.

XS
SM
MD
LG