Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Мамкаттоо: Электрондук паспортторго тендер жакынкы күндөрү жарыяланат


Биометрикалык паспорттордун үлгүсү. Кыргызстан. 2019-жыл.
Биометрикалык паспорттордун үлгүсү. Кыргызстан. 2019-жыл.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугушууда ушундай маалымат берди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 21-февраль күнү АКШнын элчиси Дональд Лу «Инфоком» ишканасына барган. Ал жерде электрондук кызмат көрсөтүү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, жарандарды идентификациялоо жана паспорт берүү жараяндарына күбө болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев элчини биометрикалык жалпы жарандык паспортторду ишке киргизүү жаатындагы даярдык менен тааныштырып, электрондук паспортторго тендер жакынкы күндөрү жарыяланарын кабарлаган.

АКШ элчиси менен Мамкаттоонун жетекчилиги февраль айында экинчи ирет жолугушту.

Февраль айынын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, буга негизги себеп - өлкөдө биометрикалык паспорт алигүнчө ишке кире элек экенин билдирген.

Көп өтпөй Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда биометрикалык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштай турганын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG