Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Дональд Трамп талибдер менен тынчтык келишимин түзүүгө даяр


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Зомбулукту азайтуу» макулдашуусу ийгиликтүү болсо, Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 23-февралда, Индияга барарда журналисттерге билдирди:

«Менин оюмча алар да тынчтык келишимин каалайт, биз да каалайбыз. Менимче келишим түзүлөт».

Трамп «Зомбулуксуз жумалык» бир жарым суткадан бери бузулбай кармалып келе жатканын белгилеп, тынчтык келишими АКШнын Куралдуу күчтөрүнө 19 жылдан кийин «үйүнө кайтууга жол ачарын» айтты.

21-февралда Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавед Файсал АКШнын, Ооганстандын жана «Талибан» кыймылынын «бир жумага зомбулукту азайтууну» көздөгөн макулдашуусу ишембиге караган түнү күчүнө киргенин билдирген.

Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары талибдер акыркы эки күндө айрым провинцияларында ооган коопсуздук күчтөрү иштеген аскер бекеттерине кол салганын жазып чыгышты.

Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимине 29-февралда кол коюлушу ыктымал экенин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жума күнү билдирген.

Ал Вашингтон менен «Талибан» Ооганстандагы жарандык согушту саясий жолдор менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүү жүргүзүп келгенин, кол коюлгандан кийин оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү башталарын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG