Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Укук коргоочулар: Казакстанда митингди кууп таркатуу учурунда 300дөн ашуун киши кармалды


Алматы шаарындагы митингдин катышуучусун кармоо учуру. 22-февраль, 2020-жыл.
Алматы шаарындагы митингдин катышуучусун кармоо учуру. 22-февраль, 2020-жыл.

Жергиликтүү укук коргоочулар кабарлагандай, кармалгандардын көпчүлүгү коё берилген, айрымдары административдик жазага тартылды. Эки адам митинг учурунда жаракат алганы белгилүү болду. Ички иштер министрлиги кармалгандар тууралуу маалымат бере элек.

Укук коргоочу Маржан Аспандиярованын маалыматына караганда, айрым активисттерди соттоо учурунда бийлик фото жана видео далилдерди көрсөткөн. «Бирок аларды далил деп айтууга болбойт, адамдардын жүзү таанылбайт» деген укук коргоочу сот ага көңүл бурбай, чечим чыгарганын кошумчалады.

22-февралда Алматыда эки башка жерде нааразылык акциясы өткөн. Демократиялык партия түзүү тууралуу демилге көтөргөн топтун ондон ашык мүчөсү Алматынын Астана аянтында Жанболот Мамайды бошотууну талап кылып чыкканда кармалган. Ал эми Алматы шаарынын башка жеринде жана Нур-Султанда 10 жылдан бери бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» саясий кыймылынын митингинде жүздөн ашык киши кармалды.

XS
SM
MD
LG