Ош шаарында Ош, Талас облустарынын ынтымагын бекемдеш үчүн уюштурулган көкбөрү оюнунда биринчиликти «Талас» командасы ээледи. Экинчи орунду «Кара-Буура» командасы алды. Бул туурасында «Азаттыкка» Ош облустук көкбөрү федерациясынын өкүлү Аскар Сапарали уулу билдирди.
«Байгелери жалпысынан 1 млн. сомду түздү. 1-орунга 300 миң сом, 2-орунга 200 миң сом, 3-орунга 100 миң сом болду. Калган командаларга да 20 миң сомдон бөлүнүп берилди», - деди Сапарали уулу.
Анын айтымында оюнга Талас облусунан төрт команда, Ош облусунан төрт команда катышып, мелдеш шаардык ат майданда 22-23-февраль күндөрү өткөрүлдү. (DU)