Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

УКМК: Экинчи жолу теракт менен коркуткан адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) абакта отуруп, «Бишкектеги соода борборлорунун биринде террордук чабуул коюлат» деп телефон чалган адамды аныктады. Мекеменин Чүй облустук башкармалыгына 23-февралда түштөн кийин телефон чалынган.

Бул факт Жазык кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү («Терроризм актысы менен коркутуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында телефон чалган адам 30 жаштагы Тагир Султанбеков экени, ал мурда да ушундай жоругу үчүн соттолгондугу аныкталды. Мындан тышкары ал буга чейин «Алдамчылык», «Тоноо», «Пара талап кылуу» деген беренелердин негизинде да эркинен ажыратылган.

2018-жылдан тартып Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясында отурат.

Сурак учурунда Султанбеков телефон чалганын мойнуна алып, бул жоругун колониядагы коркутуу менен түшүндүрдү.

Жазык кодексинин 239-беренесине ылайык, террордук акт менен коркутуу үчүн адам 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG