Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Ошто журналист иликтөө программасынан кийин коркутууга кабылганын билдирди


Сүрөт «Т-Медианын» «YouTube» баракчасынан алынды.
Сүрөт «Т-Медианын» «YouTube» баракчасынан алынды.

Оштогу «Т-Медианын» кабарчысы Самара Парпиева Ош шаарындагы №67 «Мөл-Булак» бала бакчасынын мурдагы жетекчиси тарабынан коркутууга кабылганын маалымдоодо. Журналисттин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, коркутуу бала бакчадагы абал тууралуу программа эфирге чыгарылган 14-февралдан бери уланып келе жатат.

Самара Парпиева өзүнө карата Турсунай Касымова доо арыз менен прокуратурага кайрылганын, ага ылайык 24-февралда прокуратурага чакырылганын кошумчалады.

«Мен тууралуу «программаны эфирге чыгарбаш үчүн акча талап кылган» деп даттаныптыр. Бул жалган жалаа. Мен да 24-февралда шаардык ички иштер башкармалыгына Турсунай Касымовага каршы мага жалган жалаа жаап, туура эмес маалымат менен арыз жазганы, журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылганы жана коркутканы үчүн арыз жаздым», - деди журналист.

«Т-Медиа» телеканалынын «Жарандык көзөмөл» берүүсүнө №67 бала бакчанын абалы тууралуу программа чыккандан кийин, Ош шаарынын мэриясы атайын комиссия түзгөн. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун «Азаттыкка» кабарлаганына караганда, азыр бул ишти комиссия иликтеп жатат, иликтөө учурунда бала бакчанын жетекчиси кызматынан убактылуу четтетилген. Комиссиянын курамында аудиторлор да бар. Иликтөөгө жараша жыйынтык чыгарылат.

«Азаттык» сөз болуп жаткан бала бакчанын башчысы Турсунай Касымова менен байланышып, бул окуя тууралуу анын да жүйөсүн сурады. Касымова телефон аркылуу эч кандай пикир айтпай турганын билдирип, баш тартты.

Ош шаарындагы №67 бала бакча 540 орундуу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG