Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Жапонияда дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Киодо» агенттигинин маалыматы боюнча Ниигата аймагынын 112 жаштагы тургуну Титэцу Ватанабэ 23-февраль күнү дүйнөдөн кайтты. Ал ушул айдын башында дүйнөдөгү узак жашаган адам катары Гиннестин рекорддор китебине киргизилген эле.

Ватанабэ 1907-жылы 5-мартта туулган.

Андан мурдагы эң кары адам да жапониялык болчу. Масазо Нонака былтыр 20-январда 113 жашында дүйнөдөн кайткан.

Дүйнөдөгү эң узак жашаган адамдардын тизме башында жапондор турушат. 117 жаштагы Фукуокалык Канэ Танака аттуу кемпир Гиннестин планетадагы эң узак жашоочу деген наамды алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG