Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:53

Бүгүн Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карайт


Азимжан Аскаров сотто.

Бүгүн, 25-февралда Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карайт. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов «Азаттыкка» билдирди. Ал бул акыркы сот жараяндары экенин белгилеп, жакшы жыйынтыктан үмүттөнүп турганын билдирди.

«Кассациялык арыз Чүй облустук сотунун 2016-жылы 29-январда чыгарган чечимине карата берилген. Сиздер билгендей, 2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды карап, 2010-жылкы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган», - деди ал.

Азимжан Аскаров 21-февраль күнү коомчулукка кайрылуу таратып, бүгүнкү териштирүүгө катышарынан күмөнү бар экенин белгилеп, кайрылуусун сотто сүйлөөчү сөзү катары жарыялаганын билдирген. Адвокаттын айтымында, Жогорку сот айыпталуучунун катышуусуз эле ишти кароого укуктуу. Бирок Аскаровдун каалоосуна жараша сотко анын катышуусу тууралуу өтүнүч берилет.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Жакында эле Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган. Арыз сотто качан каралары белгилүү боло элек. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG