Кей-Би-Эс телеканалынын маалыматына караганда, адамдар дүкөндөргө баруудан качып, жапырт интернет-дүкөндөрдүн кызматынан пайдаланууга өтүштү. Медициналык беткаптарга, дезинфекциялоочу заттарга жана узак сакталуучу азык-түлүктөргө, тез даярдалуучу тамактарга суроо-талап күчөгөн. Айрым интернет-дүкөндөр кардарларын тиешелүү деңгээлде товар менен камсыз кылууга жетишпей, ишин токтотууга мажбур болушту.
Түштүк Кореядагы ири онлайн-дүкөндөрдүн бири «Coupang» («Купанг») кампасында азык-түлүк калбай калганына байланыштуу ишин токтоткон. Жеткирүү кызматтары буюртмалардын көптүгүнөн кардарларга товар ташып жетишпей жатышканы айтылууда.
Дагы бир онлайн-дүкөн «Gmarket» («Жимаркет») 20-февралдан бери буюртмалар 150% көбөйгөнүн маалымдады.
Өлкөдө 893 адам ооруну жугузуп алган. 7 киши көз жумду.