Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Үмүт Култаеванын «Тил билги» автордук мектеби ачылды


Мектептин ачылыш салтанаты. Ортодо Үмүт Култаева.
Мектептин ачылыш салтанаты. Ортодо Үмүт Култаева.

Бишкекте филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеванын «Тил билги» автордук жогорку мектебинин бет ачары өттү. Иш-чарага окутуучулар, окумуштуулар, адабиятчылар, журналисттер катышты.

Аталган мектеп кыргыз тилин тереңдетип үйрөнүүнү каалагандар үчүн ачылды.

«Сабаттуулукка саякат!» деген ат менен өткөн бет ачарда мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылып, жакында мектептин «YouTube» каналы да ишке кирери айтылды.

Эгемендик жылдары коомчулукта туташ сабатсыздык күчөп, мектеп окуучуларынан баштап аткаминерлерге чейин сабатсыз экени айтылып жүрөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG