Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 07:56

УКМК: «Инстаграмда» теракт менен коркуткан адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Инстаграмда» «террористтик акт болот» деп жалган маалымат тараткан Чүй облусунун 18 жаштагы Юнузов Р. аттуу тургуну кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын кабары боюнча, 24-февралда «Инстаграмдагы» News.kg баракчасынын постунун алдына _roma7unuzow аттуу колдонуучу «шаардагы универсал дүкөнүндө саат 17:30да террористтик акт болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү» деп жазган. УКМК бул жаранды аныктап, комитеттин Башкы тергөө башкармалыгына алып келди.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү («Терроризм актысы менен коркутуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Суракта шектүү өз кылыгына өкүнүп, бейбаштыктан улам пикир жазганын билдирди. Террордук акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда.

УКМК терроризмге байланыштуу жалган маалыматтар коомчулукту кооптондуруп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатканын, атайын органдарды реалдуу коркунучтар менен күрөштөн алаксытышы ыктымал экенин белгилеп, мындай аракеттер кылмыш экенин эскертет. Жазык кодексинин аталган беренеси боюнча кылмышка шектелип кармалган адамдын аракети далилденсе 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бир жуманын ичинде Бишкекте терроризм жөнүндө жалган маалымат тараткан үчүнчү учур катталды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG