Кыргызстанда балдар үчүн алгачкы эл аралык «Обон» музыкалык кароо-сынагы жарыяланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.
Асанбаеванын айтымында, сынак фортепиано, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана улуттук аспаптар боюнча кенже жана улуу топторго бөлүнүп, эки тур менен жыйынтыкталат.
Негизги максат – балдардын музыкалык мектебинин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, сактоо, балдардын изденүүсүн жана жөндөмүн өнүктүрүү, таланттуу жаш музыканттарды өлкөнүн маданий иш-чараларына активдүү тартуу, көндүрүү, аткаруучулук чеберчилигин жогорулатуу.
Сынакты министрлик Шубин атындагы музыкалык мектеп менен бирге уюштурууда. Ага 5-15 жаштагы жаш таланттар катыша алат. Жыйынтыгы 5-мартта чыгат.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан өкүлдөр да катышканы жатышат.
Кыргызстандын аймактарында 11, Бишкек шаарында 8 музыкалык мектеп бар. (RK)