Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Жолдубаева: Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо корутундусун бекитти


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү күч түзүмдөрүнүн операциясынан кийин. Август, 2019-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандарга айыптоо актылары расмий тапшырылганын билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазганына караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекитти.

Жолдубаева айыптоолордун баары «бир тараптуу, далил базасы жок жана оозеки айтылгандарга негизделген» деп жазды жана айыпталуучу деп табылгандардын тизмесин жарыялады.

Алар: Атамбаев Алмазбек, Ниязов Фарид, Жээнбеков Равшан, Карамушкина Ирина, Кодуранова Асел, Жолдубаева Кундуз, Сагымбаев Канат, Мискенбаев Мээрбек, Баабиев Фархат, Осмоналиев Канат, Карыпбек уулу Рыспек, Шаманов Марат, Капарбек уулу Нооруз жана Какебаев Асангелди.

Жолдубаева ошондой эле тергөө менен кызматташууга макул болгондордун иши өзүнчө өндүрүшкө алынганын билдирди.

Башкы көзөмөл органы Жолдубаеванын айыптоо актылары тапшырылганы тууралуу билдирүүсүнүн чын-төгүнү жөнүндө комментарий бере элек.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.

Башкы прокуратура топтолгон материалдардын негизинде Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» беренелеринин негизинде факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG