Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Башкы прокуратура: Кой-Таш окуясы боюнча беш адамдын иши өзүнчө тергелүүдө


Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.
Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.

Бир офицердин өлүмү менен коштолгон Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамга расмий айып коюлду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова билдирди. Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон беш адамдын иши өзүнчө каралууда.

«Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитти. 14 адамга тапшырылды. Эми сотко жөнөтүлөт», - деди Куватова.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.

Башкы прокуратура топтолгон материалдардын негизинде Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» беренелеринин негизинде факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазганына караганда, корутунду 491 беттен турат. Айып коюлган 14 адам - Атамбаев Алмазбек, Ниязов Фарид, Жээнбеков Равшан, Карамушкина Ирина, Кодуранова Асель, Жолдубаева Кундуз, Сагымбаев Канат, Мискенбаев Мээрбек, Баабиев Фархат, Осмоналиев Канат, Карыпбек уулу Рыспек, Шаманов Марат, Капарбек уулу Нооруз жана Какебаев Асангелди. (RK)

XS
SM
MD
LG