Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов кармалды


Сүрөт Эмилбек Кимсановдун «Фейсбук» баракчасынан алынды.
Сүрөт Эмилбек Кимсановдун «Фейсбук» баракчасынан алынды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери, издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул маалыматты «Азаттыкка» ишенимдүү булактар билдиришти. Укук коргоо органдары бул маалыматты расмий ырастай элек.

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого байланыштуу шек саналып жатканын билдирип, аларга издөө жарыялаган. (DU)

Спортчу президентке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:56 0:00

XS
SM
MD
LG