Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Коронавирус: Кыргызстанда 146 киши көзөмөлдө, анализдери таза


Кытай.
Кытай.

Коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда бүгүнкү күндө обсервацияда 146 киши жатат. Бул тууралуу 25-февралда «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, 146 адамдын 73ү кытайлыктар, баарынын анализи таза чыкты.

«Жалпысынан 531 киши обсервациядан өттү. Айрымдары 14 күн жатты, кээ бирөөлөрү үч күндүк лабораториялык текшерүүдөн кийин жашаган жери боюнча дарыгердин көзөмөлүнө жөнөтүлдү. Баарынын абалы жакшы. Анализдери таза», - деди ал.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 31 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2663 адам каза болду, 27 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG