Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

УКМК: Былтыр Кыргызстанда 20 сайт жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы Кыргызстанда соттун чечими менен 20 интернет сайттын иши тосмолонуп, жабылды. Бул тууралуу 25-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү билдирди.

Анын айтымында, былтыр Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган 15 чечимдин негизинде 20 сайт жана социалдык түйүндөрдөгү 98 аккаунт тосмолонуп, мобилдик мессенжердеги 26 топ жабылган.

Буга алар террордук жана экстремисттик маалымат таратканы негиз болгон.

Мындан тышкары, УКМКнын маалыматына караганда, улут, аймак жана конфессия аралык кастыкты козутуучу маалымат таратууга байланыштуу 33 факт аныкталып, алардын 14ү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

“Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин билдиришинче, аны соттук-укуктук реформага шайкеш келтирүү.

Талкуу учурунда депутаттар интернет аркылуу кастык козуткан фактылар көбөйгөнүн айтып, күч органдарын бул багытта алдын алуу иштерин күчөтүүнү талап кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG