Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Сузактын тургуну Сириядан балдарын алып келүүгө жардам сурады


Сузак районунда өткөн жыйын.
Сузак районунда өткөн жыйын.

Сузактын тургуну, төрт баланын атасы Зияйдин Чырмашев Сириядагы кызы менен неберелерин кайтарууга жардам сурап, мамлекетке жана коомчулукка кайрылды. Мындай билдирүүнү ал Сузак райондук администрациясында өткөн жыйын учурунда көпчүлүктүн алдында билдирди. Чырмашев учурунда 19 жаштагы кызы башка адамдын азгырыгы менен Сирияга кеткенин айтып, аны кечирүүнү коомчулуктан суранды.

«2014-жылы медициналык окуу жайында окуп жаткан кызым кимдир-бирөөлөрдүн азгырыгы менен Сирияга кетип калган. Андан бери ал жакта турмушка чыгып, учурда эки кызы менен качкындардын лагеринде кармалып турат. Неберелеримди алып кызым Кыргызстанга кайтууга даяр болгону менен ал жактан чыга албай жатышат. Мамлекет аларды кайтарууга эртерээк чара көрсө деп суранат элем», - деди Чырмашев.

Диний эстремизмдин алдын алуу багытында Сузакта уюштурулган жыйынга Сузак районунун акими баштаган жергиликтүү бийликтин жана диний уюмдардын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана 300дөй жергиликтүү тургун катышты.

Облустук милициянын маалыматы боюнча быйыл январь айында эле аймакта диний экстремизмге байланыштуу 9 факт катталган. Өндүрүштөн токтотулган бир иштен башкасы боюнча сотко чейинки тергөө улантылып жатат. Облус аймагынан ушул кезге чейин Сирияга 116 киши кетсе, алардын жүздөйү Сузак районунан. Былтыр бир киши сүйлөшүү жолу менен кайтарылган жана анын иши сотто каралууда. Учурда жалпысынан 12 адам Кыргызстанга кайтып келген.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кыргызстандыктарды жана алардын балдарын алып келиш үчүн эл аралык уюмдар жана Сириянын расмий бийлиги менен кызматташуу уланып жатканын билдирген. Учурда Ирактагы жана Сириядагы бозгундардын лагерлеринде отурган миңдеген кишилердин арасында кыргызстандык аялдар жана балдар бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG