Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Ошто БШКнын ресурстук-маалыматтык борбору ачылат


Жолугушуу учурунан. Ош шаары. 25-февраль, 2020-жыл.
Жолугушуу учурунан. Ош шаары. 25-февраль, 2020-жыл.

Бул тууралуу 25-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугушуу учурунда билдирди. Аталган борбордо аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлери жана ыктыярчылары окутулат. Шайлоо, демократиялык башкаруу формасы, парламент жана жергиликтүү бийлик органдары тууралуу кеп-кеңештер берилет.

Мындан тышкары БШКнын төрайымы 12-марттан тартып шайлоо өнөктүгүнүн алкагында үгүт иштери башталарын, ЭлТР мамлекеттик телеканалында шайлоого катталган саясий партиялардын өкүлдөрүнүн дебаты уюштуруларын айтты.

Шайлдабекова ошондой эле өнөктүк учурунда Ошто Боршайкомдун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, укук коргоо органдарынын адистери иштеп, элге так маалымат жеткирүүгө жана добуш берүү күнү мыйзам сактоону түшүндүрүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов БШКнын төрайымына Ош шаарындагы аймактык шайлоо участокторунда добуш берүүгө даярдык кызуу жүрүп жатканын маалымдаган.

Ош шаардык кеңешине шайлоо 12-апрелде болот. Шаарда 76 шайлоо участогу бар.

Шаардык кеңеш депутаттарын шайлоого утурлай калаага кошумча каттоого турган жарандар көбөйгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, февраль айында эле Ош шаарында 40 миңге жакын адам кошумча каттоого турган. БШК мында мыйзам бузуу жок экенин белгилеген. Ошентсе да Башкы прокуратура бул ишти иликтөө үчүн сотко чейин өндүрүшкө алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG