Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Орусия Тажикстанда беш мектеп салат


Тажикстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Сирожиддин Мухриддин жана Сергей Лавров.
Тажикстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Сирожиддин Мухриддин жана Сергей Лавров.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тажикстандык кызматташы менен өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Орусия Тажикстанда беш мектеп салуу жөнүндө макулдашууну жактырды. Ал мектептер Дүйшөмбү, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында курулат. Бул мектептерде орус тилинде билим берилет».

Мектептердин ар бири 1200 балага эсептелген. Мектептерди куруу тууралуу макулдашууга былтыр тажик президенти Эмомали Рахмон жана орус президенти Владимир Путин кол коюшкан.

Буга чейин Тажикстан мектептерди негизинен Дүйнөлүк банктын каражатына куруп келген. Бирок Дүйнөлүк банк Тажикстанга жардам берүүнү 2019-жылдын башында токтоткон.

Тажикстандын Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда 600 миң мигрант бар. Мигранттар 2019-жылы өлкөсүнө 2,7 миллиард доллар жөнөткөн. (YI)

XS
SM
MD
LG