Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басарына да коронавирус жукту


Иража Харирчи.
Иража Харирчи.

Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Иража Харирчи коронавирус илдетин жугузуп алганын өзү ырастаганын «Азаттыктын» Иран кызматы билдирди.

Харирчи 24-февралда өзүнүн дене табы жогорулап кеткенин, анализинин жыйынтыгында коронавируска кабылганы аныкталганын видеого тартып, социалдык тармактар аркылуу жарыялаган. Ал азыр карантинге алынганын, өзүн жакшы сезип жатканын, министрликтин милдетин телефон аркылуу аткарып жатканын жазган.

Ал коронавирусту Иран жакынкы апталарда толук жеңгенге милдеттүү экенин кошумчалаган.

Иранда коронавирус илдети акыркы аптада абдан бат жайылды. Илдет жугузгандардын саны жүзгө жакындап, каза болгондор 15 адамга жетти. Бир нече өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бул өлкөдөн жарандардын келишине тыюу салды. (YI)

XS
SM
MD
LG