Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Помпео Тегерандан коронавирус тууралуу чындыкты айтууну талап кылды


Майк Помпео. 3-февраль, 2020-жыл.
Майк Помпео. 3-февраль, 2020-жыл.

Иранда жаңы вирустан дагы үч киши көз жумду. Ошону менен жугуштуу оорудан өлгөндөрдүн саны 16 адамга жетти. Иран Кытайдан кийин эле вирустан көп адам өлгөн өлкө болуп калды. 25-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Тегерандан коркунучтуу илдеттин жайылып баратканы тууралуу чындыкты айтууну талап кылды.

«Иран жайылып бараткан вируска байланыштуу маалыматты толук бөлүшпөй жатканына Кошмо Штаттар тынчсызданууда. Бардык өлкөлөр, анын ичинде Иран коронавирус тууралуу ачык айтып, эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташууга тийиш», – деди мамкатчы.

Коронавирус коркунучу Иранда, Италияда жана Түштүк Кореяда курч болуп турат. Жер жүзүндө вирус 80 миң кишиге жугуп, 2700 кишинин өмүрүн алды.

Италияда 250дөн ашык кишиге вирус жугуп, жети киши өлгөнү белгилүү болду. Бийлик COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында өлкөнүн түндүгүндө, анын ичинде Венецияда эл көп чогулчу иш-чараларга тыюу салды. Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.

XS
SM
MD
LG