Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Кытайда коронавирустан өлгөндөр 2715 кишиге жетти


Иран өз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан чыгарып кетип жатат. 5-февраль, 2020-жыл.
Иран өз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан чыгарып кетип жатат. 5-февраль, 2020-жыл.

Оорудан 29 700 киши айыкканы кабарланууда. 78 миң адам вирусту жугузуп алган. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы жаңы катталган учурлар азая баштаганын маалымдады.

Оорунун жайылышы жагынан Хубэй провинциясы алдыда турат. Аймакта илдеттен 2600дөн ашуун киши өлдү.

Жер жүзүндө вирус 80 миңден ашуун кишиге жугуп, 2800дөн ашык адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG