Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айымдар ордосу» деп аталган компаниядан жабыркагандарды издеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата ага алданган 30 адамдан арыз келип түшкөнүн «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди:
«Алар «WhatsApp» аркылуу келген жарнамадагы «үч миң сом төлөп, белек ал» деген сунушка көнүп, банкка акча төккөнүн, натыйжада алданып калганын айтышууда».
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 214-беренеси («Каржы пирамидаларын уюштуруу») менен катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталып, башка да жабыркагандар аныкталууда.
Финпол элге кайрылып, мындай алдамчылардын азгырыгына алдырбоого чакырды.
«Азаттык» түрдүү «каржы пирамидасынын» курмандыгы болгондор тууралуу дайыма кабарлап келет. (RK)