Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок


Сапар Исаков сот залында. Архивдик сүрөт.
Сапар Исаков сот залында. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун анын адвокаттары «Азаттыкка» кабарлашты.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун билдиришинче, Исаков тамакка ууланганы айтылды:

"Абалы орточо оор. Бирок сотко катыша алчудай эмес. Мүмкүн, дүйшөмбү күнү катышат".

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, ал 2019-жылдын август айында Улуттук госпиталга жатып чыкты. Адвокаттар мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG