Баткен облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда кеңешмеде кылмыштуулук, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо, чек аралаш аймакта чыр-чатактардын алдын алуу маселелери талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Кеңешмеде ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык комиссиясынын макулдашуусуна ылайык кол коюлган протоколдогу, жергиликтүү бийликке белгиленген тапшырмаларды аткаруу милдеттендирилди. Облустук кеңешмеге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Ушул жылдан январь айынын башында кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен коштолгон чыр чыгып, эки тараптын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк жумушчу топ жолугушуп, алты пункттан турган протоколго кол коюлган. Бир пунктунда кыргыз-тажик чек арасына тушташ аймактарда көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотуу, Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотуу айтылган. Бирок азырынча бул иштер жасала элек. (JsA)