27-февралда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, карга өтөт, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;
Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7;
Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 6...8 градус болот.