Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:38

Казакстанда активисттин тажиясына жөнөгөн жарандар кармалууда


Тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилди акыркы сапарга узатууга аттангандар. Нур-Султан, 25-февраль, 2020-жыл.
Тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилди акыркы сапарга узатууга аттангандар. Нур-Султан, 25-февраль, 2020-жыл.

Казакстанда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилди акыркы сапарга узатууга аттангандардын арасынан кеминде алты киши кармалды. 24-февралда кармалган активист арадан бир сутка өтүп, 25-февралда тергөө абагында каза болуп калган.

Маркумдун тарапташтары активисттин өлүмүнө ИИМ жана өлкөнүн бийлиги жооптуу деп эсептешет.

Бахытбек Капаевди, Айдар жана Айдын Байсагатовдорду полиция кармап кеткенин укук коргоочу Индира Какимова 25-февралда өзүнүн «Facebook» баракчасына жазды. Какимованын билдиргени боюнча үч активист тең ошол эле күнү эч кандай айыбы угузулбай кайрадан коё берилген. Буга байланыштуу укук коргоочулар активисттердин себепсиз кармалышы боюнча прокуратурага даттанууга даярданып жатышканын билдиришти.

Укук коргоочулардын айтымында ошол эле күнү дагы төрт адам кармалып, үйдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде коё берилген.

Алгачкы маалыматтарда Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгон болушу мүмкун экени айтылды. Ал адам укуктарынын корголушун жана социалдык адилеттиктин камсыздалышын ачык талап кылып келген активист болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG