Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Коронавирус: Өкмөт парламентте маалымат берип жатат

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар жок. Бул тууралуу 26-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди:

"Чек ара өткөрмө бекетинде 22 санитардык карантиндик пункт ачылган. Обсервация үчүн 964 орун даярдалды. Учурда стационардык шартта 158 адам медициналык байкоодо турат. 28-январдан бери Кытайдан 1083 адам келди, анын 415и Кытай жараны".

Өмүрбекованын айтымында, Кытайдан келгендердин баары обсервациядан өттү, анализдери таза.

Ошондой эле ал учурда Кытайда Кыргызстандын 271 жараны бар экенин, алардын 77си кайтып келүү ниетин билдиргенин кошумчалады.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн абалдан улам дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечкени буга чейин маалымдалган. Эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт.

«26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. 158 адам стационардык негизде, дагы 408 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат», деп билдирди министрлик.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

​
XS
SM
MD
LG