Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Кыргызстан Кытайдан башка соода жолдорун издейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштады. Бул тууралуу 26-февралда парламентте маалымат берип жатып экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалып жатат.

«Индияны, Пакистанды, Индонезияны, Түштүк Кореяны, Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Бириккен Араб Эмираттарын альтернатива катары караштырып жатабыз. Мартта Түркия менен чоң жармаңке өткөнү турат. Импорттун ордун толтурууну ошол жакка жылдыруу боюнча элчиликтерге тапшырма бердик. Негизинен синтетикалык кездеме Кытайдан эле чыгат экен. Өкмөт программа даярдап жатат», - деди Муканбетов.

Кытай - Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, 2019-жылдын биринчи жарымында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товар 844 миллион доллар болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG