Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Судьяны видеого тарткан адвокаттар лицензиядан ажыратылды


Ерлан Газымжанов менен Аманжол Мухамедьяров.
Ерлан Газымжанов менен Аманжол Мухамедьяров.

26-февралда Казакстандын баш калаасында Юстиция министрлигинин доосунан улам адвокат Ерлан Газымжанов менен Аманжол Мухамедьяровдун адвокаттык лицензиясын райондук сот жокко чыгарды.

2019-жылы август айында Мухамедьяров менен Газымжанов аттуу адвокаттар Нур-Султан шаарынын Алматы райондук №2 сотундагы ачык териштирүү учурунда Гулжахан Убашева аттуу судья прокурорго ачууланып, аны тилдеп жатканы тартылган видеону жарыялашкан.

Юстиция министрлиги ачык соттогу териштирүүнү видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган адвокаттарга «сотторго болгон ишенимге доо кетирди» деген кине коюп, райондук сотко даттанган. Мындан сырткары аларга өмүрүнүн аягына чейин адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынган.

Адвокат Аманжол Мухамедьяров кесиптеши менен бирге жогорку инстанциядагы сотторго апелляциялык арыз берүүгө даярданып жатканын билдирди.

Адвокаттарга доо койгон Юстиция министрлигинин өкүлү Алишер Тагайбек маалымат берүүдөн баш тарткан. (YI)

XS
SM
MD
LG