Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

NYT: Мирзиёевдин Трампка берген белеги 2950 доллар турат


Дональд Трамп менен Шавкат Мирзиёев.
Дональд Трамп менен Шавкат Мирзиёев.

АКШнын Федералдык каттоо кызматы 2018-жылы президент Трамп, анын зайыбы Мелания жана мамлекеттик катчы Майк Помпео ар кайсы өлкө башчыларынан алган белектердин тизмесин жарыялады.

«The New York Times» гезитинин маалыматына караганда 2018-жылы Трамп жана анын үй-бүлөсү чет өлкөлөрдөн 88 миң 420 долларлык белек алган.

Тизмеде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин белеги да бар. Ал 2018-жылы Трамп менен жолукканда Самарканддагы байыркы Регистандын элеси түшүрүлгөн күмүш сувенир берген. Анын баасы 2950 доллар. Мамлекеттик катчы Майк Помпеого баасы 1580 долларлык жыгач үстөлдү отургучтары менен берген.

Ошентип Мирзёевдин белеги Путиндин белегинен эки эсе кымбат болуп чыккан. Анткени ошол эле жылы Путин Трампка жалпы баасы 1500 доллар турган 12 күмүш тыйынды белек кылган. (YI)

XS
SM
MD
LG