Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:15

Сауд Арабиясы вирустан сактаныш үчүн зыяратчылардын киришин убактылуу токтотот


Ирандын Кум аймагындагы Масуме мечитин дезинфекциялоо учуру. 25-февраль, 2020-жыл.
Ирандын Кум аймагындагы Масуме мечитин дезинфекциялоо учуру. 25-февраль, 2020-жыл.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги шаршембиде тараткан маалыматка ылайык, өкмөт өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен. Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келишине да тыюу салынат.

Сауд Арабиясынын бийлиги ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жарандарынан өз аймагына кирип-чыгууда паспорт көрсөтүүнү талап кылууда. Негизинен Перс булуңундагы өлкөлөрдө ич ара паспорттун ордуна атайын күбөлүк колдонулат.

Коронавирус илдети былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Кыска убакыттын ичинде илдет дүйнөнүн 40ка жакын мамлекетине тарады. Дүйнөдө жалпысынан ооруга чалдыккан адамдардын саны 100 миңге чамалады, үч миңдей адам вирустан набыт болду.

XS
SM
MD
LG