Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Украина «Крымды басып алууга каршы туруу күнүн» жарыялады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти «Крымды басып алууга каршы туруу күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ал жыл сайын 26-февралда белгиленет.

2014-жылы дал ушул күнү Симферополдо крымдык татарлар жарым аралды аннексиялоонун башталышына каршы жапырт митинг өткөрүшкөн. Аларга Крымдын Орусияга кошулушун жактагандар каршы чыгышкан. Тирешүү учурунда эки киши өлгөн, бир нече адам жабыркаган. Кийинки күнү жергиликтүү парламент Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөрүн жарыялаган.

26-февраль күнү эртең менен Зеленский «Age of Crimea» форумунда сөз сүйлөп, Крымдын аннексияланышы жөнүндөгү маселе күн тартибинен алынбаганын, жарым аралды кайтаруу украиналыктардын улуттук идеясынын бир бөлүгү экенин билдирди.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Зеленскийдин жарлыгы жарым аралдагы чыныгы абалды чагылдырбай турганын, реакцияны Орусияга кошулууну жактаган крымдыктар өздөрү берерин айтты.

Крымдык татарлардын лидери Мустафа Жемилев адам укуктарынын бузулушуна жана жарым аралдагы түпкүлүктүү элди кодулоо уланып жатканына коомчулуктун көңүлүн бурду. Ал бардык тараптарды эл аралык укук принциптерин сактоого чакырды. Жемилевдин айтымында, Орусия Крымдан аскерлерин чыгарып, келтирилген чыгымдарды төлөп, агрессия үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартышы керек.

Орусия 2014-жылы мартта Крымды аннексиялап алган. Эл аралык уюмдар Орусиянын бул аракетин мыйзамсыз деп эсептеп, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы экономикалык санкцияларды киргизишкен. Кремль бул айыптарды четке кагып, жарым аралды өзүнө каратууну «тарыхый адилеттүүлүк орнотуу» деп сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG